Журналист Темиров тыңшоочу жабдыкты таап, байкоого алынганын кабарлады
RU

Журналист Темиров тыңшоочу жабдыкты таап, байкоого алынганын кабарлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналист Болот Темиров фейсбуктагы баракчасына алардын кеңсеси тыңшалып жатканын кабарлады. Мындан тышкары, өзүнө жана башка журналисттерге байкоо жүргүзүлүп жаткан фактыларды келтирди.

"Биринчиден, кеңсебиздеги тыңшоочу жабдыкты таптык. Экинчиден - офисте саат 10:00дөн 16:00гө чейин (биринчи күнү эмес) атайын техникалары бар машина күзөттө турат. Үчүнчүсү - досубуз Болот Назаров такси чакырса дайым ("Айт айт десе" өнөктөш долбоорунан) бир эле таксист келип турат. "Жорго" эмне үчүн ар дайым ошол айдоочуну жиберип жатканын билбейбиз. Башкача айтканда, биринчи буюртма кылганда башка айдоочуну көрсөтөт, бирок, кайра эле тиги таксист келип калат. Анын номерин Getcontact тиркемесинен текшерсек "Нурик УКМК", "Нурлан АКС" деп чыкты" - деп жазган Темиров.

Болот Темиров-Кыргызстандагы белгилүү журналисттердин бири, Factcheck.kg'нин мурдагы башкы редактору. Райымбек Матраимовдун аялынын кымбат баалуу зер буюмдары тууралуу макала чыккандан кийин ага кол салуу болгон. Ал "Матраимовдун бажы империясы" атуу изилдөөнүн журналисттеринин бири болгон.

Ушул жылдын февраль айында Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин коррупцияга каршы адвокаты сыйлыгы менен сыйланган. Учурда Temirov live YouTube каналынын автору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3953