Башталдыбы? Кадамжайда талапкер шайлоочуларды сатып алды деп айыпталууда
RU

Башталдыбы? Кадамжайда талапкер шайлоочуларды сатып алды деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШКнын координациялык тобуна №3 бир мандаттуу Кадамжай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Нурали Талиповдун үстүнөн арыз түшкөн. Бул тууралуу Ыкчам чара көрүү координациялык тобу Kaktus.media редакциясына билдиришти.

Жергиликтүү тургундардан депутаттыкка талапкер Нурали Талипов Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын шайлоочуларын сатып алууга аракет кылып жатат деген арыз түшкөн.

Ал Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Көксал Топтан орто мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине мектеп формасын бекер таратууда деген маалымат айтылган.

"Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлгөн", - деп билдиришти БШКдан.

Эгерде талапкер бул тууралуу маалыматка комментарий бергиси келсе, анда ал төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрыла алат:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3957