УКМК "Дордой Дыйкан" базарынын директору Салымбеков эмне үчүн кармалганын түшүндүрдү
RU

УКМК "Дордой Дыйкан" базарынын директору Салымбеков эмне үчүн кармалганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет айыл чарба продукциясын республиканын сыртына экспорттоого тоскоолдук кылган чиновниктерди жана айрым компанияларды аныктады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүүсү үчүн чиновниктерге жана логистикалык компанияларга чоң сумманы төлөөгө мажбур болушууда.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстандын айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков кармалган.

Сот кармалгандарга карата тергөө мезгилине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантарын белгиледи.

Мамытбай Салымбековдун уулу Эркин Салымбеков кармалып, 12-октябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 14-октябрда соттун чечими менен 2021-жылдын 6-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагына алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3958