"Сулуу жана кооптуу". Валентина Шевченконун сүрөттөрү күйөрмандарын суктандырды
RU

"Сулуу жана кооптуу". Валентина Шевченконун сүрөттөрү күйөрмандарын суктандырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC чемпиону Валентина Шевченко жаңы сүрөттөрүн Instagram баракчасына жарыялап, катталуучуларын суктандырды.

Ал узун көйнөк жана бийик така кийип сүрөткө түшкөн. Мындай сырткы келбет спортчу айым үчүн адаттан тыш көрүнүш. Анткени көпчүлүк аны спорттук кийимчен гана көрүп көнүп калышкан.

Катталуучулар "Бул биздин Валя!", "Укмуш, сөз жок!", "Сулуу", "Мага турмушка чыгасыңбы?", "Сулуу жана кооптуу" ж.б. комментарийлерин калтырышкан.

Валентина Шевченконун бул сүрөтү 6 сааттын ичинде 61 миң лайк жана миңден ашык комментарий чогулткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3959