Кыргызстандык Байнур Куштарбеков визажист Гоар Аветисяндын шоусуна катышууда
RU

Кыргызстандык Байнур Куштарбеков визажист Гоар Аветисяндын шоусуна катышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Байнур Куштарбеков атактуу визажист Гоар Аветисяндын шоусуна катышып жатат. Акыркы сынагында катышуучулар турмушка чыга турган кыздын образын тартуулаш керек болчу. Жыйынтыгында калыстар тобу кыргызстандык катышуучуну шоудон кетирүу чечимин кабыл алган. Бирок Гоар Аветисян өзүнүн добушун Байнурга берип, ага иммунитет камсыздап берүүнү чечкен. Ал калыстар тобунун мүчөсу болгондуктан долбоордун жүрүшүндө бир катышуучуну алып калуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал өзүнүн жалгыз добушун Байнурга берип, куткарып калды. Визажист сүйлөп бүткөндөн кийин Байнур эсин жоготуп жыгылган.

Белгилүү болгондой, Байнур 20 жашта. Ал "Дача-СУ" кырсыгында жакындарын жоготкон. Жигит эжесинин үйүнө конокко барып түнөп калган. Эртеси "Боинг" учагы айылына кулап түшүп, жээни, эжеси жана байкесинен ажыраган.

"Самолет кулап түшкөндөн кийин, өмүрүң каалаган учурда токтоп кала берээрин түшүндүм. Ошондуктан мага жаккан иш менен алектенип, максатыма жетүүнү чечкем", - деп Байнур шоу учурунда айтып берди.

Андан тышкары, визажга кызыккандыгы үчүн көптөгөн шылдыңдоолорго жана басынтууларга туш болгонун билдирген.

"Бизде эркектер визаж менен алектенбейт. Ушундан улам көп кемсинтүүлөргө кабылгам", - деди Байнур Куштарбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3968