Бишкекте көпчүлук балдар ооруп жатат. Бул вирустун дагы бир түрүбү?
RU

Бишкекте көпчүлук балдар ооруп жатат. Бул вирустун дагы бир түрүбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы бир нече жумада Бишкекте балдарда да, чоңдордо да КРВИ (Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар) оорусунун өсүшү байкалды.

Көпчүлүктүн айтуусу боюнча, КРВИ оорусу алда канча оор. Балдардын дене температурасынын жогорулашы 40 градуска жетип, үч күндөн ашык созулат. Ал кадимки вирустагыдай эмес.

Ошондой эле Kaktus.media редакциясына окурмандардан ушул ооруга байланыштуу мектептерде окуучулардын жарымы келбей жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр түшкөн. "Газпром" мектебинин окуучуларынын ата-энелери балдарынын үчүнчү жолу ооруй башташкандыгын айтып, карантинге жабууну суранышкан.

Бишкектиктер муну вирустун жаңы түрү деп шектенүүдө. Бирок, эксперттер өзгөчө эч нерсе жок экенин жана бул оору коркунуч жаратпарын билдиришет.

Бул эмне деген вирус?

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев вирустун жаңы түрү жок экенин айтат. Бул КРВИнин сезондук оорусу.

Жыл сайын күз-кыш мезгилинде сасык тумоонун жана КРВИ активдешет, алар адамдан адамга абадагы аркылуу бат жугат. Чынында эле республикада жумасына үч же андан көп миң учур катталат, негизинен алардын көбү Бишкекте. Бирок, деңгээл чегине чейин азырынча жете элек

Суранбаевдин айтымында, өткөн жылы ооругандар азыраак болгон, анткени бардыгы карантинден улам үйдө болчу. Ал эми быйыл, бардык мекемелер, билим берүү мекемелери жана бала бакчалар ачылганда, таралышы көбөйдү.

Адис өзүн-өзү дарылоону эмес, оорунун формасын жана күчтүүлүгүн аныктоо үчүн жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылууну сунуштайт.

"Азыр, интоксикация, баштын катуу оорушу, дене табынын көтөрүлүшү жана ангина бар. Бул оорунун курч мезгили. Өз убагында дарыланбаса, кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн", - деп эскерет ал.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл борбору да өзгөчө эч нерсе көргөн жок

Мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл борборунун директорунун орун басары Айнагүл Рыскулбекова КРВИ көбөйүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы бир жумада Бишкекте катталган оорулардын өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге жогору. Быйыл жумасына 2415 катталса, өткөн жылы 1027 учур катталган.

Ошондой эле Рыскулбекованын айтымында жылдагыдан көп болгонунун себеби быйыл жарандардын медициналык мекемелерге көбүрөөк кайрыла баштаганына байланыштуу болушу мүмкүн.

Эч кимге жашыруун эмес, 2020-жылы баары клиникаларга баруудан коркуп, үйдө болушкан. Азыр баары кайрылып жатышат. Балким, коопсуздук үчүн гана кээ бир балдар мектепке барбай жатат.

Рыскулбекова белгилегендей, алар окуучулардын келбей калышынын себептерин билүү үчүн мектептерде мониторинг жүргүзүшү керек - алар поликлиникаларга барышканбы же үйдө элеби.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3975