Данияр Өмүрзаков: Коомдук транспортту 7,8 млрд сомго кредитке! Эсиңер жайындабы?
RU

Данияр Өмүрзаков: Коомдук транспортту 7,8 млрд сомго кредитке! Эсиңер жайындабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы жана активист Данияр Өмүрзаков коомдук транспорт көйгөйү кантип чечилип жаткандыгы тууралуу айтып берди.

"Мэрия бир нече жылдардан бери ЕРӨБ жана АӨБ донорлорунун каражаттары менен автобустарды алып жатканын маалымдады. Албетте, газ автобустары жана электр автобустары деген жакшы угулат. Бирок, келгиле, бул кооз сөздөр иш жүзүндө кандайча ишке ашканын карап көрөлү. Мэрия газ менен толук автопаркты ишке киргизе албайт, анткени инфраструктура жетишсиз, шаарда үч гана май куюучу жай бар. Электр автобустары үчүн бир кубаттоочу станция курууга кеминде 15 миллион сом керектелет. Сыйымдуулуктун керектөө мөөнөтү так эмес",- дейт Өмүрзаков.

Силер жок дегенде кредит алаарда шаардыктар менен макулдашпайсыңарбы, КРдин ар бир жараны ансыз деле мамлекеттик карыздын эсебинен карызга белчесинен баткан. Кадимки компанияларды жана линияларды таап, аларды аутсорсингге берип, ал эми кредиттик каражаттарды шаарды жакшыртууга жумшай албайсызбы?

"Кандай эсептөөлөрдү жүргүзөсүз? Кантсе да, АӨБ менен түзүлгөн кредиттик келишимде пункттар бар, анда сиз электр автобустары үчүн өзүнчө линияларды түзүшүңүз керек. Аны кантип пландап жатасыз, бул тууралуу жок дегенде кандайдыр бир түшүнүк барбы? Москва сыяктуу мегаполисте болгону 800 электроавтобус, ал эми Алматыда 20 гана бар экенин көргөнсүз. Маалыматты толук бериңиз. Мисалы бир электробустун базар баасы 38 млн. сом. Ал эми бул сумма газ менен күйүүчү 3-4 автобусту сатып алып, ошону менен шаардын коомдук транспортко болгон муктаждыгын толук жабабыз! " - деп белгилейт активист.

Ал мындай пландар үчүн шаардыктардын эсебинен алынган кредитке каршы экенин баса белгилейт.

"Жеке компанияларды, инвесторлорду таап, аларды өзүңүзгө тартып, маселени эң аз сумма менен чечүүгө аракет кылыңыз! Анын үстүнө, 5-10 жыл ичинде кандай болорун алдын ала анализдебей эле эле доллар менен кредит алып жатасыздар. Мисалы, акыркы жылдары ЕАЭБдин финансы институттарынан энергетика тармагы үчүн дээрлик 300 миллион доллар алдык. Бирок, доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу биз 5 миллиард сомду жоготуп койдук. Бул тарифке же кайра эле элдин мойнуна илинет! " - деп эсептерин айтты.

Нормалдуу, системалуу түрдө жана асман чапчыган пландарды коюп, реалдуу иштеңиз. Жеке компаниялар буга чейин 200дөн ашык автобус алып келишкен, алардын 90у гана линияга кирди. Калгандары айдоочулардын жоктугунан бош турат. Айдоочулардын штабын алдын ала даярдоо керек эмес беле? Эгерде иштей албасаңыз, өзүңүздү жана шаарды кыйнабаңыз!

Бизге 7,8 миллиард сом насыяны кантип төлөөнү пландап жатканыңызды эсептеп бериңиз. Анткени бул акчаны Кыргызстандыктар барыбыз төлөйбүз! "- деп жыйынтыктады активист.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3976