Баштыкка салынган наристенин сөөгү табылды
RU

Баштыкка салынган наристенин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-октябрда шаардыктар баштыкка оролгон наристенин денесин табышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө чакыруу саат 11:55те түшкөн. Бишкектиктер Аламүдүн-1 кичи районунда таңгактан ымыркайдын сөөгү табылганын билдиришти.

Бул факты Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын ЭРӨБда каттоого алынып, КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 150 "коркунучта калтыруу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тергелип жаткан ишке тиешелүү чечим кабыл алынат.

Учурда тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3977