Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн
RU

Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-октябрда күндүз аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн.

22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.

22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кар жаап, тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с.га жетет.

22-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу.
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу.
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу.
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу.
  • Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3983