Бишкекте маршруткалар көбөйдү. Тариф кымбаттаганы үчүн
RU

Бишкекте маршруткалар көбөйдү. Тариф кымбаттаганы үчүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бир ай мурункуга салыштырмалуу азыркы күндөрү линияга көбүрөөк маршруткачылар чыга башташты. Бул тууралуу Kaktus.media'га Шаардык транспортту башкаруу башкармалыгынын директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтмында, жаңы тарифтер бекитилгенге чейин күндө линияга 600дөн 1200 маршрутка чыгып турчу. Бүгүнкү күндө алардын саны 1,6 миң буска чейин көбөйдү.

"Бул маршруткачылардын кайра кайтып келаткандын белгиси. Айрымдары сезон учурунда элди Ысык-Көлгө ташычу. Биздин максат маршруткалардын санын көбөйтүү эмес. Бирок ушул кыштан чыгышыбыз керек. Реалдуу техника келе баштаганда саясатты кайра карап чыгабыз", - деп Нусувалиев түшүндүрдү.

Эске салсак, 1-ноябрдан тартып, Бишкекте коомдук транспортко тариф көтөрүлөт. Маршруткаларда жол кире 15 сом ал эми автобус менен троллейбустарда 11 сом болот.

Kaktus.media жүргүзгөн сурамжылоого ылайык (ага 5 378 окурман катышкан) элдин 45%ы 1-ноябрдан кийин бишкек маршруткалары менен колдонбой турганын билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3985