Адвокат: Орхан Инандынын колун Бишкектен эле сындырышкан
RU

Адвокат: Орхан Инандынын колун Бишкектен эле сындырышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орхан Инанды өзүнүн адвокатына аны Бишкектен уурдап чыгып кантип Түркияга алып келгенин айтып берген. Бул тууралуу адвокат Таалайкуль Токтакунова Анкарадагы кесиптешине шилтеме берип Facebook баракчасына жазган.

"Инандыны үч киши уурдаптыр, алардын ичинен экөөсү кыргыздар. Машинеге салаары менен колун сындырып салышкан. Бул окуяга тиешеси бар же кандайдыр бир катыштыгы бар адамдар, өзгөчө аны менен достошуп, "Сапат" лицейинде арзандатуулар менен окуп, билим алгандар кантип жайдары жашап, уктап, дем алып жүрүшөт болду экен?", - деп адвокат суроо салды.

Анын айтымында Орхан Инанды Түркиядан да адам чыдагыс мамилеге кыйноолорго туш болгон.

Эскерте кетсек, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда президент Эрдоган Түркиянын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнүн жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын айтты. Түркияда айыптоочу тарап Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын талап кылып жатышат. 18-сентябрда Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3986