Матраимовдун өкүл баласы Сайпидинов мамлекеттин пайдасына 1 млн 33 миң сом төлөдү
RU

Матраимовдун өкүл баласы Сайпидинов мамлекеттин пайдасына 1 млн 33 миң сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунун айыл өкмөтүнүн жетекчиси Мунарбек Сайпидинов мамлекеттин пайдасына 1 млн 33 миң сом төлөдү. Бул тууралуу Kaktus.media'га Ош шаардык сотунан айтып беришти.

Белгилүү болгондой, Ош шаардык сотунун судьясы 13-январда, Ош облусундагы, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы, Мунарбек Сайпидиновго жаза көрүү чечимин чыгарып, ал 1 млн 33 миң сом айып пул төлөгөндүгү үчүн үй камагына алууну буюрду.

"Үй камагында 2021-жылдын 11-марттын кечки саат 17:00го чейин болууга тийиш. Ал Савай айылындагы үйүнөн башка жака кетүүгө акысы жок. Тергөөчү чакырткан убакыттан тышкаркы учурда. Жазанын аткарылышын Ош ИИБси көзөмөлдөйт. Прокурор соттун чечими чыккан күндөн тартып беш күндүн ичинде даттануу менен Ош шаардык сотуна кайрыла алат", - деп сотто билдиришти.

Эске салсак, мындан мурун Мунарбек Сайпидинов УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, ага карата куугунтуктоолор болуп жаткандыгын айткан. Андан тышкары, ал Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун өкул баласы экенин биринчи жолу мойнуна алган. Кийинчерээк, Ташиев аны кабыл алып, 2021-жылдын 11-январында Сайпидинов УКМКнын СИЗОсундагы убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган, бирок 13-январда соттун токтому менен сот залынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/398