Анара Мурзакулова Россиядагы "Кондитер" шоусунда жеңип, миллион рубль утту (видео)
RU

Анара Мурзакулова Россиядагы "Кондитер" шоусунда жеңип, миллион рубль утту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы Кыргызстандын жараны, кондитер Анара Мурзакулова Россиялык "Пятница" каналында популярдуу "Кондитер" телешоусунун бешинчи сезонун жеңип алды.

"Пятница" телеканалындагы реалити шоусуна ышкыбоз кондитерлер катышып жатышат. Алардын эмгегин кондитер жылдызы деп аталган атактуу Ренат Агзамов баалайт. Мурунку көрсөтүүлөрдө Ренат Анаранын тортторунун даамын жогору баалаган. Бул жолу да калыстар тобунун мүчөлөрүнүн даам татуусуна таасир эткен торт чебери жеңишке жетти.

Анара Мурзакулова Россиядагы эң мыкты ышкыбоз кондитердик наамга ээ болуп, алтын чалгыч (венчик) жана бир миллион рубль алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3990