Ирина Карамушкина Жогорку соттун судьяларын бандиттер деп атады
RU

Ирина Карамушкина Жогорку соттун судьяларын бандиттер деп атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Ирина Карамушкина криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча сот бүтүмүн жандандырган Жогорку соттун судьяларын бандиттерге салыштырды.

"Биздин судьяларга, Жогорку сотко эмне болгон? Эмне үчүн алар даттанууга (обжаловать) болбой турган өзүнүн чечимине даттанып жатышат? Эмне үчүн Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге 11 жыл бүтүмүн кайра кайтарышты?" - деп депутат бүгүн, 20-октябрда парламенттин жыйынында суроо салды.

Өз чечимин өздөрү жокко чыгарышты. Кыргызстандын тарыхында мындай көрүнүш болгон эмес. Бүгүнкү күндө, бийликке мыйзам менен эсептешпегендер келип алды. Мен ачык айтайын: бул мыйзамсыздык. Бул элдин алдында көз көрүнөө эле жасалып жатат. Бир жыл мурун бүтүм чыгарылган. Бир жыл өтүп аны кайра иш жүзүнө киргизишти. Эмне шайлоонун алдында ушул нерсе керек болуп турабы? Атамбаевден ушунчалык коркосуңарбы? Мындай прецедент тарыхта эч качан болгон эмес. Эмне кылып жатасыңар?

Эгер Жогорку сот бардыгын мыйзамдуу жасадым деп ойлосо, анда массалык каражаттардын катышуусу менен ачык отурум өткөрүш керек болчу, - деп Карамушкина белгиледи.

"Бардыгы көшөгө артында, жашыруун, кылмыш жасап жаткандай өттү. Эки саат отуруп, чечим чыгарышкан. Эгемендүү, светтик Кыргызстандын тарыхында мындай көрүнүш эч качан болгон эмес. Кыргыз Республикасын эмне кылып жатасыңар? Эл эмне кылышты билбей калды. Мен социалдык тармактар аркылуу элди сооротуп баштадым. Бирок эч кандай натыйжага келген жокпуз. Эмнеге бандиттерге окшоп чечим кабыл алдыңар?", - деп депутат нааразы болду.

Эске салсак, Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев, мындан ары Жогорку сот мамлекеттик айыптоочулардын жазаны күчөтүү тууралуу сунушун карай турганын маалымдаган.

"Жогорку сот Башкы прокуратуранын "жалган негиздер" боюнча өзүнүн процессуалдык чечимин жокко чыгарды. Мындайга эч кандай юридикалык негиз жок болчу", - деди ал.

2020-жылдын июнь айында Атамбаев криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу коррупциялык иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын ноябрь айында Жогорку сот бүтүмдү жокко чыгарып, ишти кайра карап чыгуу үчүн райондук сотко жөнөткөн. Бирок жакында эле КРдин Жогорку сотуна жаңы кырдаалдар боюнча ишти жаңыртуу ходатайствосу келген. Прокурор чечимди жокко чыгарып, 11 жылдык жазага тартуу бүтүмүн күчүндө калтырууну суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3991