Чек ара кызматынын жетекчилери пара алып кармалды (видео)
RU

Чек ара кызматынын жетекчилери пара алып кармалды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК чек ара аскер кызматкерлеринин коррупциялык иштерин токтотту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

"Достук-автодорожный" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкерлери чек арадан өтүп жаткан жарандардан (негизинен Өзбекстандан), ошондой эле оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылганы аныкталган. Алар чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында иштеген.

19-октябрда Аскарбек Эрмекбаев, Чыныбек Насиев, Курсанбек Бекташов кармалды.

Кармалгандардын баары УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча ИИБсине киргизилген. Тергөө уланып, башка жагдайлар жана кылмышка тиешеси барлар аныкталууда.

Эске салсак, полковник Курсанбек Бекташов директордун биринчи орун басары - УКМКнын Башкы штабынын начальниги, Чынарбек Насиев УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ал эми Аскарбек Эрмекбаев "Достук - Автодорожный" постунун начальниги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3997