Кыргызстанда грин-картаны утуп алуу шансы канчалык реалдуу?
RU

Кыргызстанда грин-картаны утуп алуу шансы канчалык реалдуу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 6-октябрнан тартып 9-ноябрга чейин Green card - 2023 лотореясына каттоо ачылды. Лоторяга 100дөн шаык өлкөнүн жарандары катыша алат, алардын катарында Кыргызстан дагы.

Америкалык виза лотореясына катышуу кыргызстандыктарга канчалык кызык жана аны утуп алуу мүмкүнчүлүгу канчалык реалдуу, Kaktus.media'нын материалынан окуңуз.

АКШга кетүүнү каалагандардын саны жыл сайын жогорулап жатат

Акыркы жылдары Green card аркылуу кетүүнү каалагандардын саны улам өсүп жатат. Эгер DV-2015те (заявка 2013-жылы берилген) 27,4 миң кыргызстандык катышса, DV-2021ге (заявка 2019-жылы берилген) 133 миң кыргыз жарандары катышкан.

Башкача айтканда, акыркы сегиз жылда Green card лотореясына кызыккандардын саны эки эсеге көбөйгөн. 2019-жылы жүз кыргызстандыктын ичинен экөөсү виза лотореясына катышкан.

Канчасы утат?

Акыркы 20 жылда америкалык визаны орто эсеп менен Кыргызстандын 500 жараны уткан. DV-2021де эң жогорку көрсөткүч белгиленип - 2 130 киши лотореянын утуучусу болгон.

Лотореяны утуп алуу тобокелчилиги канчалык?

Лоторея катары карай турган болсок, шанстар өто эле жогору. Кийинки жети жылдын статистикасы көрсөткөндөй, орто эсеп менен катышкан 100 кыргызстандыктын ичинен экөөсү утат. Бирок бул уткандардын бардыгы грин-карта алышат дегендик эмес.

Уттуң - демек кеттиң дегендик эмес

Лотореяны утуп алганың АКШга жол ачылуусуна кепилдик бербейт. Статистика көрсөткөндөй, лотореяны утуп алгандардын жарымына гана Green card берилет. Бул көрсөткүч дүйнөлүк статистикага да дал келет.

Жыл сайын 100 миң катышуучунун ичинен 50 миңи чындап Green card алышат. Анткени лотореяда утуп алуу АКШга виза алууга арыз берүүгө уруксат дегенди эле билдирет. Андан ары, лотореяны утуп алгандарга башка иммигранттарга коюлгандай эле талаптар коюлат: медициналык, криминалдык, коопсуздук критерийлери, мыйзамсыз баруу ж.б.

Бул өтө маанилүү!

Green card лотореясына катышуу акысыз. Ал үчүн АКШ мамлекеттик департаментинин лотореяга катталуу арызын толтуруу керек.

АКШнин элчилиги лотореяны өз алдынча толтурууну сунуштап, башка консультанттардын жана ортомчулардын кызматын колдонбой эле коюну рекомендация кылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4009