Жумушу жок калган тиктокер бир пост жасап $100 миң табат
RU

Жумушу жок калган тиктокер бир пост жасап $100 миң табат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын жазында италиялык, теги сенегалдык Хабане "Хаби" Лейм пандемиядан улам заводдогу жумушунан айрылган. Эриккен Лейм популярдуу лайфхактарды шылдыңдаган кыска видеолорду тарта баштаган. Бир нече айдын ичинде эле ал TikTok тармагынын эң популярдуу блоггерлеринин бири болуп калды. Бүгүнкү күндө анын 116,9 миллион катталуучусу бар. Леймдин популярдуулугу көп жагынан феноменалдуу: анын продюсерлери жана маркетологу жок. Эч качан жарнама берип же абоненттерин жарыялаган эмес.

Дүйнө жүзү боюнча популярдуулугу боюнча экинчи орунда турган тиктокер Хаби боюнча кызыктуу фактылар;

  • Хабане "Хаби" Лейм мектепти бүтүрүп, фабрикага жумушка кирген. Бирок, пандемияга байланыштуу кайра бошотулат. Ошол учурда Хаби TikTok тиркемесин жүктөп алган.

  • Азыркы учурда ал TikTokтогу эң популярдуу экинчи адам болуп эсептелинет. 23 жаштагы италиялык тиктокерге акыркы бир айда 12 миллион адам катталган.

  • Лейм үй-бүлөсү менен жашайт жана алар менен бирге атайын контент жасоо үчүн видеолорду тартып турат. Анын продюсерлери жана маркетологу жок. Катталуучуларынын баары жандуу. Эч качан аккаунтун жарнамага берген эмес.

  • Тиктокер бирөө велосипединин кулпусуна кызды кулпулап койгон пранкын шылдыңга алып, башка жолун көрсөтүп бергенден кийин популярдуулукка ээ болгон.

  • Аталган видеону өткөн жылдын 30-ноябрында баракчасына жүктөп, 3,7 милиион көрүүчү топтой алган. Ошондон кийин, ушул сыяктуу пайдасыз лайфхактарды шылдыңга алып видеого тартууну уланткан.

  • Италиялык блогер видеолорунда такыр сүйлөбөйт. Анын оордуна дүйнө эли сөзу жок түшүнгөн жаңсоо тилин колдонот.

  • Лейм жөнөкөй эле нерсени татаалдаштыра берген видеодогу маселени оңой эле чечсе болорун көрсөтүп, эки алаканын "мынакей көрдүңөрбү, оңой эле!" дегендей эки тарапка жаңсап коёт. Болгону ушул.

  • Ал бир посту менен эле 60-100 миң доллар же сом менен 8,4 миллион таап коет. Андан тышкары, белгилүү бренддер менен кызматташкандыгы үчүн да акчалай киреше түшүп турат.

  • Лейм жеке жашоосу жөнүндо бөлүшкөндү көп жактырбайт. Бирок Заира Нуччи деген кыз менен сүйлөшүп жүргөнү белгилүү, анткени бул айымга арнап сторис тарткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4016