Коронавируска каршы канча убакытта бир эмдөөдөн өтсө болот? Адистин жообу
RU

Коронавируска каршы канча убакытта бир эмдөөдөн өтсө болот? Адистин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коронавирустук инфекцияга каршы өтө тез-тезден эмдөө терс натыйжа берип, иммунологиялык шал оорусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Иммунологдор илимий коомунун президенти Валерий Черешнев билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

Анын айтымында, ревакцинация бөлүнүү үчүн маалыматты ташыган иммундук эс тутум клеткалары, цитотоксикалык лимфоциттердин - негизги коргоочу клеткалар дайыма стимулда, бардык убакта тезирээк жооп берүүгө даяр болушу үчүн керек.

Эң аз алты айда бир алуу керек. Эмдөөдөн улам-улам өтө берсе, иммунологиялык шал оорусу өнүгөт.

Ошондой эле Черешнев ашыкча эмдөө арзыбаган нерсе экенин белгилейт.

"Мен "үч-төрт жуманын ичинде бир вакцинация алып турам" дегендерди көптөн бери угуп жатам. Бирок, бул иммундук системаны начарлатып, гипериммунизацияга тескери таасир берет - экинчилик иммундук жетишсиздиги өнүгөт", - деп белгиледи адис.

Черешнев ошондой эле башка вирустар менен күрөшүүдө байкалган катуу изоляциянын аркасында коронавирустан өлүмдү азайтууга болорун айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4017