Акылбек Жапаров: Үч жылдан кийин Кыргызстандын райондору толугу менен дотациядан чыгарылат
RU

Акылбек Жапаров: Үч жылдан кийин Кыргызстандын райондору толугу менен дотациядан чыгарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үч жылдан кийин Кыргызстандын райондору толугу менен дотациядан чыгат. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда Жергиликтүү бийликти башкаруу органдарынын республикалык кеңешинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын мамлекеттик колдоо - министрлер кабинетинин приоритеттүү маселелеринин бири. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, акимдерге жетиштүү ыйгарым укуктар берилип, региондордогу экономиканы өнүктүрүү үчүн активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүгө шарттар түзүлүүдө. Коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн региондордо облустук жана райондук маанидеги жаңы өнүктүрүү фонддору түзүлүп, алар финансылык абалды бекемдөөгө жардам берет.

Бул максаттарга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сом каралган. Андан тышкары, 25 районго 700 млн сом бөлүү мүмкүнчүлүгү да каралууда. Ошону менен ар бир айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө орто эсеп менен 4-5 млн сом багытталат. Райондук маанидеги 18 шаарга 30дан 50 млн сомго чейин бөлүнөт. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгендиктен, жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт. Нарын облусуна да 500 млн сомго чукул берилет", - деп Жапаров айтты.

Ал белгилегендей, каражаттын 20%ы коронавирус менен күрөшүүгө, 20%ы - социалдык долбоорлорго жана 60%ы экономикалык долбоорлорго багытталууга тийиш.

Экономикалык долбоорлор кайра кайтарым механизмин эске алуу менен иштелип чыгуусу зарыл. Бул айыл өкмөттөрүнө мамлекеттик дотациядан баш тартууга шарт түзөт. Биздин эсептөөлөргө ылайык, 180 айыл өкмөтү өз алдынчалыкка чыгат, демек дотациядан алынат", - деп өкмөт башчысы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4019