Гүлзире Минбаева: Кыргыз тилдүү мектептегилер да дүйнөлүк деңгээлде билим алуусун каалайм
RU

Гүлзире Минбаева: Кыргыз тилдүү мектептегилер да дүйнөлүк деңгээлде билим алуусун каалайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гүлзире буга чейин математика мугалими болгон. Азыр дүйнөгө белгилүү, эң чоң онлайн мектеп "Хан Академиясынын" КРдеги расмий өкүлү. Анын 100 миллион катталуучусу бар.

Гүлзире коммандасы менен андагы видеолорду кыргызчага которот. Кыргызстанда 65% мектеп кыргыз тилинде окуйт. Ошолор да дүйнө жүзүндөгү алдыңкы билимди алуусун каалайм дейт ал.

Ошондой эле "Тек Айым" долбоорунун негиздөөчүсү. Бул долбоор кыздарды IT тармагында окутат.

Андан тышкары, STEM билим берүү жаатында долбоорлор менен иштейт. Билим берүүнүн жаңы түрлөрүн үйрөтөт.

"Хан Академиясынын" сабактарын жана STEM билим берүү долбоорун төмөнкү баракчалар аркылуу кирип көрсөңүз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4025