Акылбек Жапаров: чиновниктерди улам-улам кыскартабыз
RU

Акылбек Жапаров: чиновниктерди улам-улам кыскартабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-октябрда, айыл чарба техникасын жана айыл чарба товарларынын жарманкесинде өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлер арасында штаттын кыскарышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, эң чоң жумуш берүүчү - бул мамлекет. Ага 368 миң жаран кызмат кылат, мамлекет башчысынан тартып, техникалык кызматкерлерге чейин. Аларга бюджеттен акча төлөнөт.

"Биз учурда бул нерсени оптималдаштырып жатабыз. Президенттин администрациясын жана өкмөттү оптималдаштырганыбызды байкасаңар керек. Ар бир министерстводо ушундай болот. Акырындык менен бардыгын оптималдаштырууга жетишебиз", - деди ал.

Жапаров билдиргендей, эффективдүү иш көрсөтө албаган кызматкерлер башка жерлерге жөнөтүлөт. Бирок мамлекет жетекчиси анын алдында кирешени жогорулатуу тапшырмасын койду.

"Келгиле, кирешени чыгашаны кыскартуунун эсебинен эмес, кирешени көтөрүүнүн эсебинен көбөйтөбүз. Биздин максат кирешени 400 млрд сомго чейин жогорулатуу. Менин оюм боюнча, чиновниктер акыры татыктуу айлык алып, профессионалдуу иштеп башташат", - деп Жапаров кошумчалады.

Оптимизация жана эффективдүүлүк жөнүндө кеп кылганда, биринчи кезекте профессионалдык сапаттары жок, бирок кокусунан эле чиновник болуп калгандар жөнүндө сөз болот.

"Ал эми көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеген адистерди бардык күчүбүз менен сактап калууга аракет кылабыз. Бирок тапшырма берилди, биз анын үстүнөн иштеп жатабыз. Биз ваканттык кызматтарды жоюнун эсебинен штатты 12-13%га кыскартууга жетиштик. Бул биринчи этабы болчу. Эми президенттин буйругу менен штатты дагы 30%га кыскартабыз. Мунун үстүнөн да иш алып баруудабыз", - деп өкмөт жетекчиси келечек пландары менен бөлуштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4027