Call-борбор: Бишкектин тургуну забору менен тротурады тосуп алды
RU

Call-борбор: Бишкектин тургуну забору менен тротурады тосуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго окурман жөнөткөн.

"Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү тротурага коюлган тосмо боюнча кайрылып жаткам. Жакында эле көчө капиталдык ремонттон өтүп, жөө жүргүнчүлөргө тротурарлар салынган болчу. Ошол эле маалда айрым менчик үйдүн мыйзамсыз чегинен чыгып кеткен тосмолору алынган. Бирок, бир ишкер оңдоо иштери бүткөндөн кийин кайра заборун тротуарга чыгарып алган. Бул көчө менен мектеп окуучулары, коляскасын сүйрөгөн энелер басышат. Алар машине жүргөн жолго чыгууга аргасыз", - деп окурман кайрылып, шаардык бийликтен маселеге көңүл буруп, чара көрүүнү суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4029