Күндүн сүрөтү: мектептин окуучулары сыртта сабак өтүп жатышат
RU

Күндүн сүрөтү: мектептин окуучулары сыртта сабак өтүп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№54-орто мектептин 4-классынын ата-энелери Kaktus.media редакциясына кайрылып, сыртта сабак окуп отурган балдарынын сүрөтүн жөнөтүшкөн.

Бул класстын кабинети жок экен. Кышында кайда барышат? - деп ата-энелер нааразы болушту.

Редакция мектептин өзүнө байланышса, бардык класстарга кабинеттер жетиштүү, деп жооп беришкен.

"Ошол күнү сабактардын тартиби келишпей калып, эки классты бир кабинетке жазып коюшкан. Ошондуктан бир класс кабинетте калып, экинчи класска сыртка сабак өтүүгө туура келди", - деп билим берүү мекемеси түшүндүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4030