Токмоктун жанынан эки "Мерседес-Бенц" кагышып, машине эки бөлүнүп калды. Курмандыктар бар
RU

Токмоктун жанынан эки "Мерседес-Бенц" кагышып, машине эки бөлүнүп калды. Курмандыктар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 14-январда, Токмок шаарынан алыс эмес жерден коркунучтуу авария болду.

Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, эки "Мерседес-Бенц" маркасындагы унаалардын катышуусу менен болгон авария болжол менен саат 13:00до, Бишкек - Торугарт тарссасынын 73-километринде болду.

"Мерседес-Бенцтин" айдоочусу Ысык-Көл облусуна жөнөп бараткан, машинени башкара албай, каршылаш трассага айдап чыккан, ошондо экинчи "Мерседес" менен бетме-бет кагышкан. Эки адам каза болуп, бирөөсү жаракат алды.

Жол кырсыктан кийин бир автомобиль эки бөлунүп калган. ertaisfr деген колдонуучу Instagram баракчасына авариядан кийинки видеону жарыялаган:

Башкы беттеги фото ertaisfr деген колдонуучу Instagram баракчасындагы видеодон алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/403