Адилет Жумабаев "Голос" долбоорунун кийинки баскычына өттү. Видео
RU

Адилет Жумабаев "Голос" долбоорунун кийинки баскычына өттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабаев "Boyz II Men" тобунун "End Of The Road" деген ырын аткарып, россиялык "Голос" долбоорунун кийинк баскычына өттү.

Ырдап жаткан учурда ага калыстар тобунун үч мүчөсү: Дима Билан, Александр Градский жана Леонид Агутин бурулган.

Креслолор бурулгандан кийин Агутин "Мен билгем, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, деп ойлодум. Кайсы жерден болосуз?" - деп сурады.

"Бишкек, Кыргызстан" - деп Адилет жооп берди.

"Бул абдан чыйрак аткаруу болду. Бир учурда Дима Билан англис тилдүү жаран ырдап жатат, деп да ойлоду. Сиз бул музыкада ушунчалык эркин жана жарашыктуу болуп турдуңуз. Бул долбоордо калганыңызга абдан кубанычтамын", - деди Пелагея.

"Жанрдын тазалыгы, бардыгы бир стилде аткарылган, таң калаарлык мелизматика, укмуш сонун тембралдык боектор, кыскасы мыкты", - деп Агутин Адилетти мактады.

"Сиз максималдуу музыкалдуу адам экениңиз түшүнүктүү. Аябай иштешким келип жатат. Мага кызык болмок", - деп Дима Билан кыска сүйлөдү.

Адилет Жумабеков Дима Биланды тандады.

Алып баруучу Дмитрий Нагиев, Адилет сахнага чыгаардан мурун ал 30 жашта, үй бүлөдө беш баланын үчүнчүсү экенин айтып берген. Апасы уулдарын жалгыз тарбиялаган. Ал мызкалык окуу жайда билим алып жүргөн, бирок финансылык кыйынчылыктардан улам, окууну таштап иштеп баштаган. Адилет бир нече музыкалык аспатарды черте алат, бирок профессионалдуу музыкант болуп саналбайт.

Эске салсак, кыргызстандык Александр Волкодав дагы бул сынактын кийинки этабына өткөн. Ал Supergirl деген ырды аткарып, ага Пелагея жана Александр Градский бурулган. Ал насаатчы катары Пелагеяны тандаган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4042