2:1! КРдин футбол курама командасы БАЭнин курама командасын жеңди. Видео
RU

2:1! КРдин футбол курама командасы БАЭнин курама командасын жеңди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия Кубогу-2022 турнириндеги тандоодо БАЭ курама командасын (U-23) утуп алды. Беттеш 24-октябрда Фуджейра эмиратында (БАЭ) өткөн.

Белгилей кетсек, беттештин фаворити Эмираттардын курама командасы болгон. Дүйнөлүк букмекерлер биздин команданын жеңиши үчүн 13 коэффициентин беришкен.

Биринчи тайм 1:0 эсебинде алардын пайдасына аяктаган. Бирок, 74-мүнөттө Амир Жапаров эсепти теңдеп, 87-мүнөттө жеңиш голун Арлен Шаршенбеков киргизди.

Азия Кубогу-2022 үчүн тандоо оюндары 24-октябрда башталып, 30-октябрга чейин Фуджейра эмиратында (БАЭ) уланат.

Эске сала кетсек, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан (U-23) Е тайпасына түшкөн. 24-октябрда БАЭ менен беттешти. Эми 27-октябрда Оман менен ал эми 30-октябрда Индия менен ойнойт. Бардык беттештер "Фуджайра клаб" стадионунда жана уюштуруучулардын чечими менен күйөрмандарды киргизбестен өткөрүлөт.

Жаштар континенттик чемпионатынын финалдык бөлүгүндө 11 команда - өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген эң мыкты төрт команда беттешет. Алдыдагы турнир Өзбекстанда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4044