Гүлзат Мамытбек камакка алынды
RU

Гүлзат Мамытбек камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Гүлзат Алымкулова камакка алынды, ал Гүлзат Мамытбек катары элге таанымал. Бул тууралуу Сводка.АКИpress күч структураларындагы маалымат булактарына таянып билдирди.

Бишкектин ШИИБси бул маалыматты такстыктаган. Милициянын айтымында, буга чейин укук коргоочу органдарга 7 жаран кайрылып, Мамытбекти алдамчылык жасады деп айыпташкан. Алардын айтымында, ал "кыска мөөнөттө укмуш акча табасың" деген убадарды берип, ишенчээк адамдардын акчасын алып, милдеттенмелерин аткарган эмес. Зыян келтирүүнүн суммасы 110 миң сом.

Бул фактылар КЖБРге КРдин Жазык кодексинин, 204-беренесинин негизинде ("Алдамчылык") катталды.

Шектелүүчү 2020-жылдын февраль айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Жыйынтыгында ошол эле жылдын 8-июнунда блогерге сыртынан (заочно) алдамчылыкка шектелип жатат деген арыз тапшырылып, ал эми 13-июлда өзү жок болсо да СИЗО-1ге камалган.

2020-жылдын 8-августунда Мамытбекке карата тергөо иши токтотулуп, ага издөө жаряланган.

Кечээ, 25-октябрда, шектелүүчү Кыргызстанга келген. Биринчи май районунун ИИБсинин кызматкерлери аны милицияга жеткирип келишкен. Учурда Мамытбек Бишкектин ИИББсинин убактылуу кармоочу жайында.

Тергөө жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4060