Кыргызстандык кыздар абадагы акробатика боюнча дүйнө чемпиону болушту. Сүрөт жана видео
RU

Кыргызстандык кыздар абадагы акробатика боюнча дүйнө чемпиону болушту. Сүрөт жана видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-24-октябрда, акробатика боюнча биринчи жолу онлайн дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ага Чехия, Германия, Швейцария, Улуу Британия, АКШ, Япония, Африка, Казакстан жана башка мамлекеттердин соттору баа беришти. Чемпионат Швейцарияда өтүшү керек болчу, бирок, пандемиядан улам ал онлайн режимге которулду. Сынакка катышуу үчүн квалификациялык турдан өтүп, катышууга лицензияларды ырастоо керек болгон.

Кыргызстандан сегиз спортчу лицензия алган: Айзирек Акматова, Гүлбара Болотова, София Губеева, Дарья Корешкова, Анастасия Ференц, Виктория Тарасова, Алина Акунова, Таля Айдарова.

Бул дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын гимни эки жолу жаңырды!

Кыргызстандык Дарья Корешкова IPSF (Эл аралык полюс спорт федерациясы) версиясы боюнча Pole Artistic Junior Mix категориясында дүйнө чемпиону болду.

Кыргызстандык Гүлбара Болотова менен София Губееванын дуэти IPSF версиясы боюнча Pole Sports Double Junior категориясында дүйнө чемпиону аталды.

Кыздар буга чейин 2019-жылы Канадада өткөн дүйнөлүк чемпионатка лицензия алышкан. Бирок, каражаттын тартыштыгынан чемпионатка катыша алышкан эмес.

Айзирек Акматова Pole Artistic Senior 18-39 категориясына катышып, 25 өлкөдөн бешинчи орунду ээледи.

Анастасия Ференц Pole Sports Junior категориясында 20 катышуучунун ичинен сегизинчи болду. 2019-жылы Канадада өткөн дүйнөлүк чемпионатта ал онунчу болгон.

Виктория Тарасова Pole Sports Novice Female категориясында 31 катышуучунун арасында дүйнөлүк рейтингдин жетинчи сабында турат.

Дуэт Алина Акунова менен Таля Айдарова Pole Sports Double Novice категориясында 11 катышуучу өлкөнүн ичинен төртүнчү болду.

Кыргызстандын курама командасы үчүн биринчи дүйнөлүк чемпионат 2018-жылы Таррагона (Испания) шаарында өткөн, анда өлкөнүн атынан Виолетта Ли катышкан.

2019-жылы Канадада өткөн дүйнө чемпионатында өлкөбүздү эки спортчу коргогон: Виолетта Ли жана Анастасия Ференц. Виолетта Кыргызстандан биринчи жолу күмүш медаль тагынган.

Быйыл Кыргызстандын курама командасынын бардык сегиз адамы IPSF версиясы боюнча дүйнөнүн эң күчтүү 10 спортчусунун катарына кирди.

Дүйнөлүк чемпионатка бул команданы Кристина Орозумбекова даярдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4067