Бишкектин мэри Садыр Жапаровго жардам бергиси келип жатат
RU

Бишкектин мэри Садыр Жапаровго жардам бергиси келип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин шайлоосу өткөнчө Бишкек шаардык кеңештен ишин токтотуп турууну суранды.

Kaktus.media редакциясына түшкөн буйрук Бишкек шаардык кеңештин спикери Кубанычбек Конгантиевдин атына жазылган. Президент Садыр Жапаров бардык жерде ачык жана адилеттүү шайлоону камсыздап жана бийликтин бардык баскычтарында административдик ресурс колдонулбаш керектигин баса белгилеп жатат, деп жазылган.

"Бишкектин шаардык кеңешиндеги саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттарын

шайлоосуна катышып жаткандыгын эске алганда, түз эфирде көрсөтүлгөн комиссиялардын жана БГКнын фракцияларынын жыйындары бишкектиктер тарабынан кандайдыр бир деңгээлде агитация катары кабыл алынышы мүмкүн. Ошондуктан, шайлоо өтө турган мезгил аралыкта 28-октябрдан 28-ноябрга чейин жыйындарды өткөрүүнү токтотуп туруу маселесин карап чыгууну сунуштайм", - деп Жунушалиев өзүнүн катында белгилеген.

Ал БГКнын депутаттары түшүнүү менен кабыл алып, шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүп алууга көмөк көрсөтүүсүнө үмүттөнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4069