Жүргүнчү аял таксист сабаганын айтты. Милиция тергөөнү созуп жатат (видео)
RU

Жүргүнчү аял таксист сабаганын айтты. Милиция тергөөнү созуп жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Яндекс Go" кызматынын жүргүнчүсү Наталья Мартынюк Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде таксист тарабынан сабалганын Kaktus.media сайтына билдирди.

Анын айтымында, 18-октябрь күнү саат 17:20 чамасында Орто-Сай базарынын аймагынан А.Ж.А.нын "Хонда Аккорд" үлгүсүндөгү унаасына эки пунктту көрсөтүп отурган.

"Унаага отуруп, айдоочудан биринчи соода борборуна, андан кийин гана башка дарекке барышыбыз керек экенин көрдүбү-жокпу сурадым. Бирок, ал мага жооп бербей, жөн гана көзүмө тигиле карады. Кайра сурасам дагыле унчукпай калды. Анан түшүп, башка такси чакырышым керектигин айттым. Ал өтүнүчкө такыр жооп берген жок. Бир көчөдөн өткөндөн кийин гана токтоду", - деди Наталья Мартынюк.

Жүргүнчү ага 50 сом таштап кеткен, бирок, таксист анын кызматы үчүн 150 сом талап кыла баштаган. Мартынюк бул сумманы төлөөдөн баш тарткан. Айдоочу аялды түртүп, бетке чабууга аракет кылып, акыры сумкасын, курткасын айрып салган. Ал көз айнегин да жоготуп алган.

"Милицияга телефон чалып, Октябрь РИИБсиине арыз жаздым. Полиция кол салуу фактысын каттады. Бузулган нерселердин сүрөттөрү, видео да бар. Бирок, Бир жумада тергөө иштери жүрбөй, видеону да алышкан жок. Таксист өзү сабалганын айткан, бирок, экспертиза жүргүзүлө элек", - деди Мартынюк.

"Яндекс Go" компаниясынын басма сөз кызматы, Kaktus.media редакциясына айдоочунун жүрүм-турумуна нааразы экенин билдирип, тейлөө тармагында мындай адамдарга орун жоктугун айткан.

"Айдоочу мындан ары бул түйүндө иштей албайт. Биздин кызматыбыз жүргүнчүгө полицияга арыз жазууну сунуштап, расмий өтүнүч боюнча бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярбыз",- деп белгилеген.

Мартынюк муну жетишсиз чара деп эсептейт жана Москванын "Яндекс Го" сервисине кайрылууга ниеттенүүдө.

Октябрь РИИБсинин тергөөчүсү Элнура Давлесша бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтып, бирок, маалымат берүүдөн баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4073