Балдарга таттуларды тараткан туристтерге жергиликтүүлөр арыз жазып милицияга кайрылышты
RU

Балдарга таттуларды тараткан туристтерге жергиликтүүлөр арыз жазып милицияга кайрылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарындагы "Птицефыабрика" кичирайонунун тургуну жергиликтүү балдарга таттуларды тараткан туристтерге арыз жазып, милицияга кайрылган.

Жалал-Абаддын ШИИБси билдиргендей, 14-январда, болжол менен саат 13:00дө милициянын нөөмөт бөлумүнө 40 жаштагы И.Д. чалып, көчөдө ойноп жүргөн жаш балдарга таттуларды таратып жаткандыгын айткан. Таттулар жаш балдардын ден

соолугу үчүн зыян болушу мүмкүн экендигин билдирип, аталган заттарды алып,

чара көрүу керек, деп телефон аркылуу чакыруу жасаган.

Окуя болгон милиция кызматкерлери келип, Түштүк Кореянын үч жаранынын өздүгүн аныкташкан. ШИИБ билдиргендей, алардын котормочусу "Шаарды көрүү үчүн сейилдеп жүргөн туристтер жергиликтүү балдардын ойноп жүргөнүн көрүп, өздөрү жеп жаткан таттууну кичинекей балдарга ооз тийгизели дешкен. Алардын эч кандай жаман оюу жок болчу", - деп айтты

Бирок жергиликтүү жашоочу чет элдиктерге карата чара көрүүну талап кылып, балдарга таратылган белгисиз жана кооптуу таттууларды текшертүү керектигин айткан.

Учурда сотко чейинки териштирүу иштери башталып, таттуулар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү, деп Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/408