Pfizer вакцинасын Кыргызстанда качан жана кайсы жерде алса болот
RU

Pfizer вакцинасын Кыргызстанда качан жана кайсы жерде алса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенаписова 24.kg агенттигине Кыргызстанда коронавируска каршы Pfizer вакцинасын качан жана кайдан алууга болорун айтты.

Анын айтымында, вакцинаны түшүрүп жайгаштыруу таңга чейин уланган. "Эртең Бишкекке жана Чүй облусуна, кийин өлкөнүн түштүгүнө жеткирүүгө аракет кылабыз. Жакын арада же болбосо ушул келе жаткан ишемби күнгө чейин Бишкектин бардык эмдөө борборлоруна жеткиликтүү түрдө берилет. Вакцинаны берүү боюнча эч кандай чектөө болбойт", - деди РИБ жетекчиси.

Мурунку маалыматтарга караганда сактоо шарттарына байланыштуу Pfizer вакцинасын ири шаарларда гана берүүгө мүмкүнчүлүк болгон. Бирок азыркы тапта бул маселе чечилди.

"Биз окуудан өтүп, өндүрүүчүнүн өкүлдөрү республикага келип, муздаткычтарды орнотушту. Борбордук кампада бул вакцина -70 градус температурада сакталат. Андан кийин вакцинаны эритип, аймактарга -20 градуста жеткиребиз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда бул вакцинаны +2...+8 градуска чейин 30 күн сактоого болот. Вакцинаны пландалгандай жана колдонгонго жарай тургандай ченемде гана жиберебиз. Жакынкы аралыкта бардык аймактарга жеткиликтүү болот. Азыркы учурда биз медициналык кызматкерлерди окутуп жатабыз", - деп кошумчалады Ишенаписова.

Вакцинация эки этап менен жасалат.

Кыргызстанда массалык эмдөө жазында башталган. Учурда биринчи дозасы менен 963,8 миң адам эмдөөдөн өтсө, 730,5 миң адам толук курстан өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4097