Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди
RU

Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди.

Өкмөттөн билдиришкендей, эскертүү милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн берилген.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик билдирип, кызматтан алууну сунуштаган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4102