Электрэнергиянын чыңалуусунан "Манас" аэропортундагы техника жарактан чыкты
RU

Электрэнергиянын чыңалуусунан "Манас" аэропортундагы техника жарактан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-октябрда, болжол менен эртең мененки саат 9да "Манас" эл аралык аэропортунда электр энергиясынын чыңалуусунан улам (скачок напряжения) техника иштебей калды. Бул тууралуу көргөндөр билдиришти.

Алардын айтымында, паспорттук көзөмөл пунктунда техникалык жабдыктар иштебей калган. Системаны калыбына келтирүүгө жарым саат убактылары кетти.

"Бул стратегиялык объект эмеспи, электр жарыгы менен маселелер жаралбаш керек болчу. Андан ары башка аэропорттордон башка учакка отура тургандар эмне болот?" - деп жүргүнчүлөр нааразы.

Учурда эки авиакаттамдын Стамбул жана Алматынын жүргүнчүлөрү каттоодон өтүп жатышат.

"Манас" эл аралык аэропорту чындап эле электр энергиясынын чыңалуусу болгонун Kaktus.media'га тастыкташты. Бирок паспорт көзөмөлүнө Мамлекеттик чек ара кызматы жооптуу. Аэропорттогу паспорт текшерүү процедураларына алар карашат, деп билдиришти.

Мындай учурларды эске алып, аэропортто чыналууну турукташтыруучу (стабилизатор) жабдыктар барбы, деген суроого кийинчерээк жооп берүүнү убада кылышты.

Бишкек - Стамбул каттамы жарым саатка кечиктирилген.

Саат 10:15те паспорттук көзөмөл системасы кайрадан иштеп баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4104