Күндүн посту: Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова чөп жыйнап жүрөт
RU

Күндүн посту: Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова чөп жыйнап жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону, 2020-жылы Токиодо өткөн жайкы Олимпиаданын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова Instagram баракчасына Таласта чөп жыйып жатканын көрсөткөн. Сүрөттөрдүн биринде спортчу айры кармап турат.

Жуманазарова учурда өзү туулуп-өскөн Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылында.

Кыргыз сегментинин көпчүлүк колдонуучулары коомчулукка үлгү көрсөтүп, статусуна жана регалийлерине карабай тиричилик иштери менен алектенген дүйнө чемпионунун аракетине оң баа беришти.

Эске сала кетсек, Мээрим Жуманазарова Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына жана Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан барган. Олимпиадада Жуманазарова коло медалга ээ болгон. Ал эми Норвегияда дүйнө чемпиону болуп, дүйнөлүк рейтингде өз салмак категориясында (68 кг) экинчи орунду алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4105