Акылбек Жапаров Түркиянын Соода палаталар бирлигинин делегациясы менен жолукту
RU

Акылбек Жапаров Түркиянын Соода палаталар бирлигинин делегациясы менен жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркия Республикасынын Соода палаталар бирлигинин вице-президенти Сельджук Озтюрк жетектеген делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулады, андан соң Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган бир катар инвестициялык долбоорлордун бетачары сунушталды.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана олуттуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

"Биз өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чечкиндүү каамдарды жасоого мезгил жетти деп эсептейбиз. Учурда биз экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы ири реформаларга киришүүдөбүз. Өнөр жай, айыл чарба, текстилдик өнөр жай, гидроэнергетика сыяктуу тармактардагы долбоорлорго өзгөчө басым жасалууда", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Андан соң Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларына республикадагы алтын өндүрүү потенциалы тууралуу маалымат берди.

"Ошондой эле биз Кыргыз Республикасында фабрика жана заводдор бир аймакта жайгашкан индустриалдык зона ачууга кызыкдарбыз. Министрлер Кабинети катары аталган сунушту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тийиштүү колдоону көрсөтөбүз", - деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4109