Чогуу ичкен шеригин бычак менен бир нече жолу сайган. Шектүү кармалды
RU

Чогуу ичкен шеригин бычак менен бир нече жолу сайган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаардык милиция кызматкерлери денеге оор залал келтирген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-октябрда, Ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына Арча-Бешик конушундагы күзөтчү жайдын жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгон адамдын өздүгү такталып, Ш.А. атуу адам экени белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун тигүү цехтеринин биринде К. аттуу адам менен спирт ичимдигин ичип отуруп, экөө уруша кетишкен. К. алгач Ш.А.нын денесине залал келтирип, андан соң жамбашына бычак менен бир нече жолу сайып, изин жашырып кеткен. Алган жараатынан адам көз жумган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин ("Ден соолукка оор залал келтирүү, байкабастыктан адамдын өлүмүнө, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында, же эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген (өзгөчө оор залал келтирүү) беренеси менен кармашты".Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү - 1989-жылы туулган К.К.ны таап, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.

Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4113