Өзбекстандын ырчысы Юлдуз Усманова автордук укукту бузгандыгы үчүн $17 миң төлөйт
RU

Өзбекстандын ырчысы Юлдуз Усманова автордук укукту бузгандыгы үчүн $17 миң төлөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандык белгилүү ырчы Юлдуз Усманова автордук укукту бузганы үчүн 185 миллион сум моралдык чыгым төлөйт. Бул сумма 17 миң АКШ долларынан ашат.

2020-жылы акын Йулчи Рузиев сотко кайрылып, "Хаста булма" (Ооруба) деген ырдын сөздөрүн жазганын, бирок Усманова автордук укукту бузуп, аны ырдап чыкканына даттанган.

Быйыл 29-октябрда сот акыркы чечимди чыгарып, ырчыны 185 миллион сум моралдык чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып жазды.

Юлдуз Усманова буга комментарий бере элек. Ал апелляциялык сотко бир ай ичинде кайрыла алат.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4121