Шахтадагы жарылуудан бир адамды топурак басып калды
RU

Шахтадагы жарылуудан бир адамды топурак басып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 15-январь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шахтада адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бмлдирди.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, 5-карьер тилкесинде жайгашкан шахтада (забой) белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, кырсыктан 1976-жылы туулган эркек кишини топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 11:45те КР ӨКМнин ТКККнын №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/412