Садыр Жапаров Глазго шаарына келди
RU

Садыр Жапаров Глазго шаарына келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4130