ИИМ төрагасынын кеңешчиси Бакыт Матмусаев кырсыктады
RU

ИИМ төрагасынын кеңешчиси Бакыт Матмусаев кырсыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМди төрагасынын учурдагы кеңештчиси Бакыт Матмусаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу, 1968-жылы туулган Бакыт Матмусаев Жукеева-Пудовкин көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсү менен кесилишкен жерде "ДЭУ Матиз" жана "Мазда Трибут" машинелери менен кагылышкан.

Авариядан кийин "ДЭУ" унаасынын жүргүнчүлөр түрдүү жараттары менен 4 шаардык ооруканага госпитализацияланган. Айрымдарынын сөөгү сынган. Башка унаалардын айдоочулоры жана жүргүнчүлөрү ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4134