Ала-Тоо кинотеатрындагы афишалардын бардыгы алынды. Эмнеге?
RU

Ала-Тоо кинотеатрындагы афишалардын бардыгы алынды. Эмнеге?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир жумадан бери "Ала-Тоо" кинотеатрындагы афишалар жок.

"Синематика" компаниясынын пресс-кызматы кинотеатр жабылдыбы деген божомолдоону четке какты.

"Кинотеатр жабылган жок. Мурункудай эле иштеп жатат. Аны жабуу же сатуу планда жок. Кардарлар мурункудай эле билеттерди сатып алып, сеанстарга келе алышат. Сеанстар боюнча бардык маалымат кинотеатрдын соцтармактарындагы баракчаларында же компаниянын сайтында жайгашкан. Баннерлер мэриянын чечими менен алынды", - деп компания жооп берди.

Мэриядан баннерлер уруксат берүүчү документтери жок эле мыйзамсыз илинген, ошондуктан чечилди, деп билдиришти.

"Буга чейин "Бишкекглавархитектура" Ала-Тоо кинотеатрындагы баннер ээлерине билдирүү жөнөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Андан кийин мекеменин администрациясы өз эрки менен баннерлерди алып салган", - деп жер колдонуу жана курулуш башкармалыгы айтып берди.

Белгилей кетчү жагдай, имараттын капталындагы баннерлер көп жылдан бери илинип турчу. Эмне үчүн эми гана байкадыңар? - деген суроого Курулуш башкармалыгы жооп берген жок.

"Ала-Тоо" кинотеатры Бишкектеги эң алгачкы кинтетрлардын бири жана маданият эстелиги болуп саналат. Ал "Синематика" компаниясынын тармагына караштуу. Компаниянын ээси Улугбек Салымбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4137