Таш жүктөп бараткан камАЗ аласалып, окуучу кызды басып калган
RU

Таш жүктөп бараткан камАЗ аласалып, окуучу кызды басып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак районунун Ленин айылында таш жүктөп бараткан камАЗ аласалып кетип, жолдун боюнда басып бараткан окуучу кызды басып калган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоочу органдарынан айтып беришти.

Такталган маалыматка ылайык, кечээ, Сузак районундагы Ленин айылынын ички жолунда, болжол менен 17:40да кырсык болгон.

КамАЗдын айдоочусу С.С. жолдон баратып, унаасын башкара албай, аласалып кеткен. Машиненин кузовундагы таштар жолдун боюнда басып бараткан кызды көмүп калган. 2006-жылы туулган А.Р. ошол жерден каза болду.

Милиция окуянын чоо-жайын аныктоодо.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4142