Көк бөрүдөн улам депутат Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн арыз түшкөн. Видео
RU

Көк бөрүдөн улам депутат Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн арыз түшкөн. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШКнын оперативдүү жооп берүү боюнча координациялык тобуна депутаттыкка талапкер - азыркы депутат Бактыбек Райымкуловдун аракеттерине даттануу келип түшкөн.

Арызда 24-октябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ипподромдо тогуз команданын катышуусунда көкбөрү боюнча мелдеш өткөнү айтылат.

"Иш-чарага ЖКнын Жайыл шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Бактыбек Райымкулов катышып, чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн. Ал көк бөрү федерациясынын атынан мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом, медаль, грамота, ошондой эле уюштуруучулардын бирине өз атынан тай белек кылган", - деп айтылат арызда.

Маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Эгерде талапкер маалымат боюнча комментарий берүүнү кааласа, төмөнкү даректерге жана телефон номерлерге кайрылса болот:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4146