Азык-түлүк таратып, добуш сатып алууда делген талапкер комментарий берди
RU

Азык-түлүк таратып, добуш сатып алууда делген талапкер комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттыкка талапкер Кубатбек Мамыров 1-октябрь карылар күнүндө "Күн шооласы" карылар үйүнө барып, азык-түлүк пакеттерин тапшырганын Facebook баракчасына жарыялаган. Ал жакка Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, "Кемин Ынтымагы" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен барган.

Мамыров №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Сүрөттөр БШКнын оперативдүү чара көрүү координациялык тобунан алынган.

Сүрөттө Мамыровдун кары-картаңдарга азык-түлүк баштыгын тартуулап, алар менен активдүү сүрөткө түшүп, бата алып жатканы чагылдырылган.

Интернет колдонуучу "Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу" боюнча шайлоо мыйзамдары бузулганын, ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси бузулганын айтууда.

Зумрият Резаханова сүрөттөр 2020-жылы тартылганын Kaktus.media сайтына түшүндүрдү. Ал эми бул сүрөттү суранбаса да талапкерди колдоп өзү жарыялаган.

Партия бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, саясий кеңеш чогулуп, окуя боюнча талкуу жүрүп жаткандыктан, соттук териштирүү аяктагандан кийин комментарий берерин белгиледи.

Бүгүн, 2-ноябрда kaktus.kg сайтына Кубатбек Мамыров кайрылып, бул маалыматты четке какты. Анын айтымында, сүрөттөр 2020-жылдын 30 ноябрында тартылган. Жана арызды анын оппоненти Нурлан Шаршеналиевдин эжеси Гүлзада Шаршеналиева жазган.

"Мен РИИБге барып түшүнүк кат жаздым, БШКга да кайрылдым, алардын айтымында эч кандай мыйзам бузуу болгон жок", - дейт Кубатбек Мамыров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4147