"Жал" кичи районунда менчик балабакча өрттөнүп жатат
RU

"Жал" кичи районунда менчик балабакча өрттөнүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы "Жал" кичи районунда менчик бала бакча өрттөнүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media'га көргөндөр айтышты.

Алар берген маалыматка ылайык, Түштүк магистралдын жанындагы Тыналиева көчөсүндө имарат өрттөнүп жатат. "Куткаруучулар жок, кичинекей балдарды ким куткарат билбейм", - деп окурман билдирди.

ӨКМ алгач, Тыналиев көчөсүндө, №79-көп кабаттүү үйдөгү батир өрттөнүп жатат. Биринчи бригада саат 17:32де өрт чыккан жерге барып, 12 мүнөттүн ичинде дагы эки бригада барды, деп маалымат берген.

Бирок, көргөндөр көп кабаттуу үй эмес, бала бакчанын имаратты өрттөнүп жатат, деп айтышты.

Андан кийин "Академия раннего развития" менчик бала бакча өрттөнүп жатканы белгилүү болду.

Өрттөнүп жаткан бакчадан балдарды ата-энелер өздөрү чыгарышты. Жабыркагандар боюнча азырынча маалымат жок. Өрттүн чыгуу себеби да белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/414