-22°... +13°. Күздүн акыркы айы 🍂 Ноябрга карата аба ырайы
RU

-22°... +13°. Күздүн акыркы айы 🍂 Ноябрга карата аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидромет ноябрь айына карата жаан-чачын жана абанын температурасы тууралуу билдирди.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, ноябрь айында абанын орточо температурасы республиканын бардык жети облусунда климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Түнкүсүн үшүк жүрөт: Чүй, Нарын облустарында -12, Талас жана Ысык-Көлдө минус -11 градус. Суусамыр өрөөнүндө кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -22 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ноябрдын айрым күндөрү Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында күндүз аба +17 градуска чейин жылыйт.

Ноябрь айында Кыргызстанда жаан-чачын норманын тегерегинде болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 3…5° жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1° сууктан +1°Сге чейин жылуу болушу күтүлөт.

Бул айдын ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2°...+3°ка чейин, күндүз -5°...+12°ка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы -8° суук, күндүз -3° ка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2°... 13° жылуу болушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -7...-12° суук, күндүз -4°...+1° болушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 40-49 мм, тоо этектеринде 23-37 мм).

Талас району

Абанын температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4°ка чейин, күндүз -2°...+15° жылууга чейин өзгөрүшү күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -11° суук болуп, күндүз -4°...+1° суук болушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (28-29 мм).

Ош областы

Абанын температурасы 5…7° , тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2°... +5°ка чейин, күндүз

-6°...+17° жылууга чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо -2° ...+7°ка чейин өзгөрүлүп, кээ бир күндөрү түнкүсүн -3°...- 8°ка чейин жетиши мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 2...7°дан 9...14°ка чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөн зонасында 29-44 мм, тоо этектериндеги райондордо 28-30 мм).

Жалал-Абад областы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 5…7° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2° сууктан +5° жылууга чейин, күндүз 6° сууктан +17° жылууга чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы -2°...+7°ка чейин өзгөрүлүп, кээде түнкүсүн -3°...-8 суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз абанын температурасы 2...7°дан 9...14°ка чейин өзгөрүп турат.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы -4° сууктан +2° жылууга чейин, күндүз 2° сууктан 13° жылууга чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөн зонасында 56-58 мм, тоо этектеринде 51-96 мм, Токтогул районунда 25-27 мм).

Баткен областы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 5…7° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 3…5° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2°...+5°ка чейин, күндүз -6° сууктан +17° жылууга чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы -2° ...+7°ка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир жерлерде түнкүсүн абанын температурасы -3°...-8° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 2°...14° аралыгында өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөн зонасында 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 33-35 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, 2...4° жылуу, чыгышында -1° суук...+1° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5°... -6° суукка чейин, күндүз 2°...13° жылууга чейин өзгөрүшү күтүлөт. Кээ бир күндөрү чыгышта абанын температурасы түнкүсүн -11° суук, күндүз -3°ка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (1-17 мм, чыгышта 24-46 мм).

Нарын областы

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, -1...-3° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1...-6° суук болуп, түнкүсүн абанын температурасы -7...-12° суук болушу мүмкүн. Күндүз абанын температурасы -3°...+8°ка чейин өзгөрөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормалдуу (4-15 мм) болушу күтүлөт.

Алай

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, -6…-8° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2...-13° суукка чейин өзгөрүшү күтүлөт, күндүз абанын температурасы -2° суук...+ 3° жылуу болот. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -14...-19° суук, күндүз -3...-8° суук болушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-23 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, -2...-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1...-12° суукка чейин өзгөрүшү күтүлөт, түнкүсүн абанын температурасы -13...-18° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3° сууктан 9°ка чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын тегерегинде болуп, -6...-8° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1...-6° сууктан -8...-13° суукка чейин, күндүз абанын температурасы -3° сууктан 2° жылуулукка чейин өзгөрүшү күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -17...-22° суук, күндүз -6...-11° суук болушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (18-20 мм).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4157