Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа күйүп кетти (видео)
RU

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа күйүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда "Газель" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаа 2-ноябрда Бишкек-Ош жолунун 302-чакырымында күйүп кеткен. Бул тууралуу маалымат саат 16:20лар чамасында түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 17:00дө окуя болгон жерге барып, 17:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Видеону Instagram колдонуучулары Азамат Ормокеев менен kushtarzh жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4172