"Равшан Жээнбековго боштондук". Соттук отурумда жаңжал чыкты (видео)
RU

"Равшан Жээнбековго боштондук". Соттук отурумда жаңжал чыкты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевге карата соттук отурум уланууда. Мурдагы президент сотко жеткирилген жок.

Сотто жаңжал чыкты. Сот залына айыпталуучулардын тарапташтары жана жакындары чогулуп, "Равшан Жээнбековго боштондук" деп кыйкыра башташты.

Судья Азирет Медеров ЖМК өкүлдөрүнөн видеого тартууну токтотууну суранды. Мындан тышкары, судья сот залында адам өтө көп экенин, айыпталуучуга да орундар жетишсиз экенин белгиледи.

Бирок, сот аткаруучулар элди тынчыта алган жок. Мындан улам эл нааразы болуп, айыпталуучу Ирина Карамушкина соттон кетүүнү сунуштаган. Анын айтымында, сот үч жылдан бери айыпталуучуну шылдыңдап келет. Кийинчерээк колдоочулардын көбү сот залынан чыгып кетишкен.

Фарид Ниязов бардыгын соттун залдан элди чыгаруу боюнча мыйзамсыз талабын аткарбоого чакырды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге карата бир нече кылмыш иштери, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал ошондой эле түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген, андан сырткары 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деп айыпталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4178