Кыргызстандагы атактуу саясатчылардын келиндери кимдер?
RU

Кыргызстандагы атактуу саясатчылардын келиндери кимдер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жаш келиндер жаңы үй бүлөгө жаңыдан кошулуп бир топ кыйналышат. Бирок саясатчылардын келиндерине андан да оор, анткени алардын ар бир кадамын коомчулук карап турат.

Kaktus.media саясатчылардын келиндери тууралуу маалымат чогултту.

Мамлекет башчысынын азырынча эки келини бар.

Садыр Жапаровдун ортоңку уулу Рустам 2019-жылы, атасы камакта отурган кезде үйлөнгөн.

Рустамдын келинчеги жөнүндө маалымат жокко эсе. Биз аны үй бүлөлүк сүрөттөрдөн гана көрө алабыз. Социалдык тармактарда аккаунту жок. Жаш жубайлар жакында эле кыздуу болушкан.

Садыр Жапаров агасы Эркин Жапаров авариядан каза болгондо анын уулу Ренатты багып алган. Ренат да үйлөнгөн. Келинчегинин аты Аяна, ал 21 жашта. Учурда улуттук университеттин кытай тили факкультетинин үчүнчү курсунда окуйт.

Жаш жубайлар дүңгүрөтө той беришкен эмес. Чакан киши чакырып, үйдөн эле белгилешкен.

Камчыбек Ташиевдин келиндери

УКМКнын төрагасынын да эки келинин бар. Улуу баласы Тай-Мурас Ташиев 2018-жылы модель Эркайым Абдуллаевага үйлөнгөн.

Жубайлар өткөн жылдын январь айында уулду болуп, быйыл жайында кыздуу болушту.

Эркайымдын Instagram'да 500 миңден ашык катталуучусу бар.

Ташиевдин ортоңку уулу, унаалардын дөңгөлөгүн уурдаган деп шектелген Тамерлан ушул жылдын август айында үйлөнгөн. Массалык маалымат каражаттар жеке булактарына шилтеп, той мамлекеттик резиденцияда өткөн деп жазышкан.

Айрым маалыматтар боюнча, Тамерлан Европада жашачу. Ал эми келинчеги тууралуу Ош облусунан болгону гана белгилүү.

Үлпөт тоюна 100 киши чакырылган. Чакырылган коноктордун катарында Самара Каримова жана башка артисттер да болгон.

Иш чарага катышкандардын телефондорун кире бериштен алып коюшкан жана сүрөткө тартууга тыюу салынган. Тойдо Чыңгыз Мырзаев тамадалык кылган.

Данияр Үсөнов (Даниил Урицкийдин) келиндери

Качкын премьердин улуу келини бизнес-айым. Үсөновдун баласы Мурат Айзада Кененбаевага үйлөнгөн. Ал Бишкекте, карапайым үй бүлөдө чоңойгон. Учурда Social Group кофейнялар тармагынын директору. Бишкек, Алматы жана Дубайда кофейнялары бар.

Forbes.kz басылмасына берген интервьюсунда Айзада Дубайда кофейня ачкандыгы тууралуу айтып берген.

Анын айтымында кафелер ийгиликтүү иштеп, Locals'тын арасында популярдуу. Франшиза жасаганга он суроо келип түшкөн. Жубайлардын эки уулу жана бир кызы бар.

Айзаданын Instagram'дагы аккаунту бир жарым жылдан бери активдүү эмес. Посттун алдына колдонуучулар ага жана анын үй бүлөсүнө карата негативдүү комментарийлерди жазышкан.

Үсөновдун кичүү уулу Урмат ушул жылдын жай айларында бийчи Юлия Катанаева атту кызга үйлөндү. Свадьба Түркиянын эң кымбат рестораны "Чыраган Сарайда" өткөн. Тойго Данияр Үсөнов өзү катышты.

Юлия Жийдеш Идрисованын шоу-балетинде бийлеп, аны менен бирге Turkvizyon конкурсуна чыккан. Андан тышкары модель болуп да иштейт. Юлянын айтымында Урмат экөө Instagram'дан таанышкан.

Асылбек Жээнбековдун келини

Камакта отурган экс-депутат Асылбек Жээнбековдун Нооруз деген уулу 2018-жылы үйлөнгөн. Келинчегинин аты Нурзида Тагаева. Алар 2019-жылы кыздуу болушкан.

Жээнбековдун келини социалдык тармактарга катталган эмес.

Равшан Жээнбековдун келини

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан ушул жазда Айтурган деген кыз экөө баш кошушкан. Айтурган карапайым үй бүлөдөн, өзү визажист болуп иштейт. Instagram баракчасын активдүү алып барат.

Руслан Казакбаевдин келини

Нурсултан Казакбаевдин келинчеги Ажар да бийчи. Саясатчынын уулунун тоюна саясий элита бүт келген, анын катарында Райымбек Матраимов (учурда Ысмаилов) дагы.

Ажар менен Нурсултан Алматыда жашашат, алардын бир уулу бар. Ажардын Instagram баракчасына 28 миң киши катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4185